Кеңешмеде, райондун аймагында таштандыларга болгон акча-каражаттарды чогултуу жана абоненттик базаны көбөйтүү тууралуу, Түлөбердиев-Көкчатав жана Боталиев-Манас көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан сейил багын көрктөндүрүү жөнүндө, көмөк чордондорду оңдоп-түзөө жана кырсыктарды алдын-алуу багытында, балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу тууралуу, “Орозо айтка” карата майрамдык айт-намазды өткөрүүгө жүргүзүлүп жаткан иш чаралар тууралуу маселелер каралды.

Ошондой эле, пландык кеңешмеде, райондун аймагында жашылдандыруу, жарыктандыруу боюнча көйгөйлөр, жаралып жаткан маселелер жана аларды чечүү боюнча сунуштар каралып кызматтарга тапшырылды.