Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы борбор калаада мыйзамсыз орнотулган объекттерди алуу иштерин улантууда.

Аткарган иштериндин алкагында "Ак-Өргө" жаңы конушундагы Б. Алыкулов жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан май алмаштыруучу пункту алынды. Ошондой эле, Ч. Айтматов проспектисинин жана Балтагулов көчөсүнүн кесилишинде орнотулган жарнама конструкциясы да алынды.

Мындан тышкары, Фучик көчөсүндөгү 10х5 чарчы метр аянтты ээлеген павильон, Фрунзе көчөсүнүн жана Жибек Жолу проспектисинин кесилишинде 40 тонналык контейнер,  Жибек Жолу проспектисинин жана Ростов көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан павильон, Айни жана Бакаев көчөлөрүнүн кесилишинде орнотулган батут, Батыш автовокзал жанындагы  жеңилдетилген типтеги объекттер, Абдрахманов көчөсүндө орнотулган жарнама конструкциясы алынды.

Ошондой эле, Гагарин жана Термечиков көчөлөрунүн кесилишинде аянты 560 м2 жакын, муиципалдык жерди тосуп калган мыйзамсыз орнотулган металл тосмонун ээси өз ыктыяры менен объектти алды.


Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!