Мэр Азиз Суракматов Кытай Эл Республикасынын коммерция министрлиги алдындагы эл аралык экономикалык башкармалыктын делегациясы менен жолугушту.  

Анын башында Кытай Эл Республикасынын коммерция министрлиги алдындагы эл аралык экономикалык башкармалыктын башчысыЛи Сяо Бин мырза болду

Жолугушууда тараптар Бишкек шаарындагы жолдорду салуу трамагаындагы гранттык долбоорлорго байланыштуу суроолор талкууланды. 

Азиз Суракматов белгилеп кеткендей, “Бишкек шаарынын жолдорун жана көчөлөүн өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасын ишке ашыруу боюнча даярдык иштери жүрүүдө. Анын алкагында узундугу 70, 87 км түзгөн 60 көчө оңдолот. Бүгүнкү күндө аталган долбоордун экинчи фазасын ишке ашыруу боюнча долбоордун протоколу даярдалды. Бул долбоорго кол койуу КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин  үстүбүздөгү жылдын 13-июнунда өтүүчү расмий иш сапарынын алкаганда пландаштырылган.  

Иш-чарага  Кытай Эл Республикасынын коммерция министрлиги алдындагы эл аралык экономикалык башкармалыктын азия боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Чжан Мин Ву, вице-мэр Уланбек Азыгалиев жана капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басарыУлан Уезбаев катышты.

Бишкек – сүйүктүү меймандос шаарыбыз