Биринчи май районунун акими Т. Султановдун төрагалыгы астында башчынын орун басарлары, аппарат жетекчи, райондук кызматтардын жетекчилери, МАБдардын башчыларынын катышуусу менен кезектеги  кеңешме өттү.

Кеңешменин башында өрткө каршы кызматынын күнүнө карата ак ниет үзүрлүү эмгеги үчүн бир катар кызматкерлер муниципалдык администрациянын ардак грамоталары жана алкыш баракчалары менен сыйланышты.

Ошондой эле, райондун аймагында бузулар жөнүндө протоколдорду түзүү жана административдик комиссиянын, жарандарга жардам көрсөтүлгөнү, “Эң жакшы короо”, “Эң жакшы башкаруучу”, “Бишкек шаарынын мэриясынын эң жакшы муниципалдык аймактык башкармалыгы” номинациялары тууралуу көйгөйлүү маселелерди чечүү каралып, тийиштүү тапшырмалар берилди.