Свердлов райондук администрациясынын аппарат жетекчиси Азамат Джапаров, өспүрүмдөр арасындагы мыйзам бузуу жана кылмыш иштерин алдын алуу боюнча тегерек стол өткөздү. 

Иш-чарага Свердлов районунун прокуратурасынын, ички иштер башкармалыгынын, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, ӨКБнын, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу муниципалдык аймактык башкармалыктарынын жана өкмөттүк эмес мекемелердин өкүлдөрү катышышты.

Аталган жыйында өспүрүмдөр арасындагы мыйзам бузуу жана кылмыш иштерин,  балдарга зордук-зомбулук көрсөтүүнү алдын алуу жана жашы жете электердин коопсуздугу, сууда жана башка жерлердеги эс алуулар боюнча суроолор жана сунуштар талкууланды.

Өз кезегинде мэриянын өкүлү жайкы эс алуу учурунда балдар жана алардын ата-энелери менен тыгыз иш алып барууну өтүндү.

Бишкек – сүйүктүү, коопсуз шаарыбыз!