Эми шаар тургундары жана меймандары пластик, кагаз жана айнекти түркүн түстүү контейнерлерге ыргытышат.

Бул идея жана долбоор  Биринчи май районунун акимиатына таандык, ал эми таштанды челектерин "Тазалык" муниципалдык  ишканасынын кызматкерлери жасашты.

Биринчи этапта 10 таштанды челеги жасалды. 6 челек Курманжан Датка эстелигинин жанына орнотулду. Жакын арада калган төрт челек Чүй жана Манас көчөлөрүнүн кесилишинде жана У.Салиева аянтында орнотулат.

Биз бара-бара жөнөкөй таштанды челектерини мындан ары заманбап челектерге алмаштырабыз.

Урматтуу жарандар! Биз сиздерди шаардык кызматтардын аракетине кылдат мамиле кылынуу өтүнөбүз.

Бишкек – сүйктүү заманбап шаарыбыз!