Бишкек шаарынын мэриясына карашатуу капиталдык курулуш башкармалыгы  баш калаанын түндүгүндө канализация түйүндөрүн куруп баштады.  
Борбордук каналаизация менен бир квартал камсыздалат. Ага төмөнкү көчөлөрдүн квадраты кирет: Тоголок Молдо көчөсү, Манас проспекти, Васильев жана  Садааев көчөлөрү. Коммуналдык түйүнгө 10 ашык көчөлөрдүн тургундары туташууга мүмкүнчүлүк алат. Ошондой эле Исанов, Боталиев, Можайск, Кокчетавск жана башка тар көчөлөр дагы каралган. Мындан тышкары, бул магистралдык канлаизация түйүнүнө “Ак-Босого” конушунун түштүк тарабында жашаган шаар тургундары дагы туташууга мүмкүнчүлүк алат.  Бул долбоордун алкагында борбордук  канализация Карагай тар көчөсүндө жайгашкан №18- орто мектепке жана  №41-бала бакчасына киргизилет.

Белгилей кетсек, бул райондо салынган түйүндөрдүн жалпы узундугу 6 километрди түзүп, баасы   15 миллион сомго барабар.

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!