Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгынын жетекчиси Нурдин Тынаев «Шаардык парктар» муниципалдык ишканасынын башчысы Калича Умуралиева менен биргеликте текшерүү иштерин уюштурушту.


Панфилов атындагы сейил бакта "Балдар көңүл ачуулары" ЖЧКсынын башчысына Дмитрий Петровко ижарага берилген муниципалдык мүлк объектилеринин иштөө маселеси боюнча көчмө жыйын өттү.


Аталган сейил бактын аймагын рационалдуу пайдалануу, ошондой эле борбордун тургундары жана меймандары үчүн маданий-массалык иш-чараларды өткөрүү үчүн социалдык-маанилүү объекттерди калыбына келтирүү маселелери талкууланды.


Белгилей кетсек, Тынаев Нурдин Раатбекович буга чейин Ленин администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын башчысы болуп иштеген, ротациялоо тартибинде Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгынын жетекчисинин кызматына которулган.
Ал  2002-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМ Академиясынын юридикалык адистиги боюнча артыкчылык менен аяктаган.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!