Калаа башчысы Азиз Суракматов күз-кыш айларында “Ак-Бата” жаңы конушунун жашоочулары менен жолуккан. Анда, элдин өтүнүчүн эске алып, чара көрүлөрү айтылган. Көйгөй жараткан негизги маселелердин бири болуп  жарыктандыруу маселеси турган. Азыркы күндө элдин көйгөйү чечилип  жаңы трансформатор подстанциялары орнотуу иштери аягына чыгып калды. Курулуш иштери шаардык бюджеттен каржыланып, ишти мэриянын «Капиталдык курулуш башкармасы» аткарууда.

Трансформаторлордон сырткары электрзымдары да тартылды, буюрса Ак-Бата конушуна жарык сапатту жана үзгүлтүксүз берилет.

Жогоруда белиленгендей иш чара Ак-Бата конушу менен чектелбестен 12 жаңы конушта да дал ушундай маселелер чечилип жатат. Алар: Ак-Босого, Калыс-Ордо, Ак-Ордо, Ак-Өргө, Дордой, Ак-Тилек-2, Кайыңды, Учкун, Эне-Сай, Рухий-Мурас, Мурас-Ордо ж.б.

Бул иштерге шаардык бюджеттен 67,5 миллион сом каралган жана жыл соңуна чейин жумуштун көбү соңуна чыгат.