Шаарыбыздын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын адистери күн түнгө карабастан милдеттерин аткрып жатат. Рейд ичинде Ала-Тоо аянтынан 5 күч ченөөчү автомат, Абдрахманов көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинен 39 керме

жарнамалар, Патрис Лумумба атындагы көчөсүндө 36 штендер жарнама конструкциясы жана 19 даана баннер алынды.

Ошондой эле, Орозбеков көчөсү менен Фере көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан, жеңил конструкциядагы цех алынды. Цех буга чейин темир чатыр чыгаруу менен алектенип келген. Муниципалдык кызматкерлердин бул кадамга барууга цехтин талапка жараша документтеринин жоктугу аныкталган.

Бишкек -сүйүктүү шаарыбыз!