Социалдык түйүндөрдө мэрияга караштуу ишкананалардын биринде эмгектенген кызматкерлердин КР Президентинин портрети менен “ойногон” видеосу пайда болду.


Көп узабай, мэриянын жетекчилиги тарабынан оперативдүү түрдө реакция болду. Кезектеги жыйын учурунда биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев вице-мэр Азиз Алымкуловго, мэриянынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаевге жана “Бишкек парковкалары жана токтомолору” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Улан Жолдошевге тартип бузган кызматкерлерге карата мыйзам чегинде, керек болсо иштен кетирүү боюнча, чара көрүү тапшырмасын берди.


Такталгандай, видеодогу жигиттер “Бишкек парковкалары жана токтомолору” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери. Алар, өз кезегинде кызматкерлер коомчулуктан кечирим сурашты.