Мэр Азиз Суракматов шаардык мэриянын кызматтарынын жана бѳлүмдѳрүнүн  жетекчилери менен кеңешме ѳткѳрдү.

Чогулуштун күн тартиби боюнча негизги маселелерди талкулоодон мурда шаардын мэри актуалдуу кѳйгѳйлѳрдүү кѳтѳрдү. Атап айтканда, ысыкта мэрия тарабынан жүргүзүлгѳн  иш чаралар жана жарандар менен иш алып баруу. Турак жай бѳлүмү менен жоопту кызматтарга жүк ташуучу уналарга жүрүүгѳ тыюу салуу маселеси жана ага карата комплекстүү чараларды кѳрүү тапшырмасы  берилди. Ошондой эле вице-мэрлерге, акимдерге, бѳлүм башчыларга жарандар менен иш алып барууну күчѳтүү тапшырылды.

Жыйында эки маселе каралды: комиссиянын муниципалдык менчигине инвентаризация ѳткѳрүү жана соода эрежелерин  сактоо боюнча чара кѳрүү.

Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын жетекчиси Иманакун уулу Таланттын айтымы боюнча, биринчи этабында  3 миң 165 объект каралган, алардын ичинен 818 мыйзам бузуулардан аныкталды. Экинчи этабында 3 миң 270 объект каралды. Инвентаризация тѳрт МТУ боюнча 57,92 % аткарылды.

Экинчи маселе боюнча тѳрт райондун башчылары отчет беришти. Ленин районунда 63 жолу масштабдуу рейд ѳткѳрүлдү жана ар кандай 360  конструкция алынды. Октябрь районунда 48 рейд жүргүзүлүп, 154 чакан  соода түйүн жоюлду. Биринчи май районунда 118 рейд жүргүзүлгѳн. Жыйынтыгы боюнча 245 штендер жана 50 дѳн ашык соода түйүнү жоюлду. Свердлов районунда 15 рейд болду. Жыйынтыгы боюнча 63  соода түйүн жоюлду,  79 штендер жана 54 даана жарнама тактасы  демонтаждалды.

Азиз Суракматов муниципалдык мүлк башкармалыгына инвентаризацияны бюджеттин киреше бѳлүгүнүн ѳсүүсү аркылуу жана коротууларды кыскартуу тапшырмасын берди. Биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаевге жана вице-мэр  Азиз Алымкуловго «Шаардын сейил бактары» муниципалдык ишканасына (жетекчиси Калича Умуралиева) ижара боюнча ыйгарымдарды ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ регламентти аныктоого, акимиаттарга сейил бактардагы соода сатыкты жѳнгѳ салуу тапшырмасы берилди. Ошондой эле, жер ресурстар башкармалыгына ѳткѳргѳн комиссияларды баардык протоколдорунун кѳчүрмѳсүн коррупциалык схемаларды жоюуу максатында мэриянын борбордук аппаратына  ѳткѳрүп берүү тапшырмасы берилди.