“Бишкекжашылчарба” жана “Тазалык” муниципалдык ишканалардын кызматкерлери шаарыбызды жашыландыруу иштерин улантууда.

Бишкек шаарынын клумбаларына “Бишкекжашылчарба” ишканасынын эмгекчил эжекелери отургузган гүлдөрдүн ар түрдүүлүгү таң калтырат. Быйыл 2 млн 193 миң 432 көчөт гүл отургузулган, алардын ичинде сальвия, тагетес, агератум, алиссум, катарантус, колеус, цинерария, седум жана дагы көптөнгөн түрлөрү бар. Ошондой эле, жаңы гүлзарлар шаарыбызга жайкы маанай тартуулап жатышат.

Үстүбүздөгү жылы 6 миң 341 түп бак, 1 миң 436 түп бадал жана 32 миң 600 түп жашыл кашаалар отургузулду. Сугаруу үчүн 3 миң 596 метр арык системалары орнотулду.

Күзүндө жана кышында кошумча 1 миң 565 көчөт, 1 миң 565 бадал отургузулат.

Булардын баары учурда кезеги боюнча сугарылып жатат.

Урматтуу шаарыбыздын тургундары жана коноктору! Биз жашыл өсүмдүктөргө аяр мамиле кылууңуздарды өтүнөбуз!

“Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын байланыш номурлары: 37-53-30, 0709399977, Бишкек ш. ШИИБдин WhatsApp-каналы 0708102000.

Бишкек – сүйүктүү жашыл шаарыбыз!