Ардактуу шаардыктар! Биз, Бишкек шаарында башаламандыкка, талап-тоноочулукка жана кырдаалды курчутууга жол бербейбиз.

Муниципалитеттин бардык түзүмдүк ишканалары күнүмкүдөй иш алып барып, баш калабыздын жашоосун камсыздоодо.

Урматтуу бизнес өкүлдөрү жана жеке ишкерлер! Өтүнүч, тынчтыкты жана сабырдуулукту сактаңыздар.  Бишкек шаарындагы кырдаалды курчутууга аракет кылгандарды тынчтыкка үндөөгө чакырабыз. Биримдиктин арты менен гана  биз шаарыбызды башаламан күчтөрдөн коргой алабыз. Биз тынчтык жана туруктуулук өкүм сүргөн шаарда жашагыбыз келет.  Биз жетишкендиктерибизди көбөйтүп, баш калаабызды өркүндөтүүнү уланткыбыз келет. Биз –сүйүктүү Бишкек үчүн!

Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктарды мыйзамсыз жана күмөндүү акцияларга катышпоого чакырат.

Өз кезегинде биз дагы укук коргоо органдары менен биргеликте шаардагы коомдук тартипти  камсыздап, ар түрдүү провокацияларга карата  биздин мамлекеттин мыйзамдарынын чегинде чара көрүлөт.

 Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!