7-кичи районунда "Бета-Сторес" 2 соода борборунун жанында «Бардыгы үчүн музыка» аттуу музыкалык аянт ачылды.

Биз «Бакай Банк» ачык акционердик коому менен биргеликте эс алуучу чатырча менен пианино орноттук. Эми бул жерде ар бир каалоочу келип пианино ойной алат.

Аянтты шардыктар, №6-балдар музыкалык мектебинин тарбиялануучулары, Октябрь акимиатынын башчысынын орун басары Таалайбек Акматбаев ачты.

Эми бул жерде шаардын тургундары жана коноктору музыкалык жайкы кечтерин чогу ѳткѳзүш үчүн чогула алат.

Бишкек –сүйүүктүү музыкалык шаар!