Урматтуу шаардыктар! Сиздердин №6-автобусунун каттамын узартуу боюнча кайрылүүңуздарды эске алып, Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы аталган каттамдын узундугун Тунгуч кичирайонуна чейин узартты.

Аталган автобустар “Көк-жар” конушунан Достоевский менен Анкара кѳчѳлѳру менен Тунгуч кичирайонуна чейин жүрѳт.

Белгилей кетсек, ушул убакытка чейин муниципалдык автобустар “Ак-Ордо” конушунан “Көк-Жар” конушуна чейин каттап келиген.

Урматтуу бишкектиктер! Автобустардын жумушу боюнча, кийинки номерлерге чалыңыз: 0312 53 48 24, 53 18 17

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!