Бишкек шаардык Борбордук китепканасында Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесине арналган конференция болуп өттү.

Иш-чарага КР жазуучулар союзунун мүчөсү Гүлбүбү Бектурганова, легендарлуу парламентинин депутаты Бактыбек Максүтов, Т.Усубалиевдин 100-жылдык мааракесин өткөрүү боюнча түзүлгөн коммисиянын мүчөсү, КР журналистер союзунун төрөгасынын орун басары  Курманбек Раматов, шаар боюнча мааракени өткөрүүнүн төрагасы Абдылас Төлөмүшов катышты.   Коноктор Т.Усубалиевдин Кыргызстанга кошкон чоң салымы тууралуу: Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышы, алдыңкы өнөр жай өлкөсүнө айланышына, маданий жактан өнүгүшүнө, парламенттик системанын түптөлүшүнө, ошондой эле Кыргызстанды жана анын борбор шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө зор эмгек сиңирген инсан катары эскеришип Т.Усубалиевдин кылган иштери жана аты тарых барактарында сакталып калгандыгын баса белгилешти.