Биз акырындык менен эскирген коомдук транспорттун сиситемасын өзгөртүп жатабыз.

Белгилүү болгондой эле, мэриянын карамагында автобустар жана троллейбустар гана бар, бирок биз дагы бир багытты ишке ашырдык. Ага ылайык, жеке менчик бустардын айдоочуларын Бишкек шаарынын мэриясынын каттамдарын тейлөөгө чакырабыз.

Буга чейин №107, №114, №270-марштурттук каттамынын жалпы жамааты массалык түрдө мэрияга кайрылышкан. Эскерте кетсек, жакында эле № 227, № 131-каттам боюнча жүргөн кичи автобустар биз менен кызматташа баштады. Бул багыттагы маршруттук автобустарда багыты көрсөтүлгөн таблицада кошумча «М» тамгасы менен белгиленип турат. Ал автобус Бишкек шаарынын мэриясынын алдында кызмат кылат дегенди түшүндүрөт.

Эми, маршруттук таксилер менен Бишкек жүргүнчү автотранспорт ишканасы ар бир келишимдишдин негизинде иш жүргүзөт.

Маршруткалардын мэрияга которулушу жүргүнчүлөр жана айдоочулар үчүн да коопсуз, ыңгайлуу.

Коомдук транспорттун айдоочулары күн сайын медициналык текшерүүдөн, жыл сайын техникалык кароодон өтүп турушат.

Мэриянын диспетчерлери айдоочулардын сырткы көрүнүшүнүнө жана коомдук транспорттун салондорундагы тазалыгына дайыма көз салып турушат.

Айрым маалыматтар боюнча жеке компаниялардагы маршруттук автобустардын айдоочулары маршрутту тейлөө үчүн салыктарды эсептебегенде айына 5 миң сомдон ашуун төлөшөт. Ошондой эле мэриянын карамагына өтүп, айдоочулар дээрлик бир эсе аз төлөй баштаган. Биз ошондой эле, борбор калаадагы коомдук ташууларга көзөмөлдү күчөтүү үчүн КДК - контролдоо-диспетчердик пункттарын калыбына келтирип жатабыз.

Урматтуу кичи автобустардын айдоочулары! Мэрияга кош келиңиздер! Кыйла пайдалуу шарттарда иштей башташ үчүн, расмий кат менен бизге кайрылыңыздар.

Айтмакчы, учурда борбор калаа мэриясы коомдук транспорттогу электрондук билеттөө долбооруну киргизүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.Учурда биз менен бирге швейцариялык BPC AG компаниясы иш алып барып, валидаторду тестирлөөдө. Азырынча орнотмолор №14-троллейбус, №8-автобуста орнотулган. Төлөм карталарын киргизүү программасы инвестициялык болуп саналаарын белгилей кетели, шаардык бюджеттен бул долбоорду ишке ашырууга бир да сом королгон жок.

Урматтуу шаар тургундары, айдоочулар жана жүргүнчүлөр! Сунуштарыңызды жана даттанууларыңызды "БЖАТИ"нин диспетчердик пунктуна (0312) 534824 номуру боюнча калтыра аласыз.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!