Бишкек шаарынын мэриясы жашоочулары көп болгон аймактарга кошумча маршруттук каттамдарды киригизүү боюнча активдүү иш-чараларды көрүүдө. Аны менен бирге эле, баш калаага инвестицияларды тартуу жана жеке ишкерлерге шарттарды жакшыртуу боюнча иштерди  алып барууда.

Шаардык транспорт башкармалыгынын кызматкерлери «Шыдыр Жол Кей Жи» компаниясынын өкүлдөрү менен жаңы автобустук каттам ачуу жөнүндө талкуулап, автобус кыймылынын 10 схемасын сунуш кылды.  

Учурда «Шыдыр Жол Кей Жи» компаниясы төмөнкү каттамдар боюнча автобустарды жүргүзүү маселесин карап жатат:   «Ак-Ордо 3» конушу -  «Көк-Жар» айылы же «Военно-Антоновка» айылы  -  «Новопокровка» айылы (Чүй пр. -   Фучик к.- Жибек Жолу пр.).

Эске сала кетсек, 2016-жылы кол коюлган меморандумга ылайык, «Шыдыр Жол» жаңы автобустук каттам ачуу боюнча кайрылган.    

Ардактуу шаардыктар! Автобус кызматтарынын иши боюнча: 0312 53 48 24, 53 18 17 телефондоруна кайрылсаңыздар болот

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!