Шаардык транспорт башкармалыгынын кызматкерлери, салмак-көлөмдү көзөмөлдөө жана суу- автомобиль тарнспорту боюнча  мамлекеттик агенттигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын, ошондой эле  Бишкек шаары боюнча жол коопсуздугун камсыздоо   башкармалыгынын   инспекторлору менен биргеликте баш калаада рейддик иш-чараларды өткөрүштү.

Текешерүүнүн жыйынтыгы боюнча шаардык коомдук транспорттун ишине тоскоолдук жаратып, мыйзамсыз унаа токтоочу жай уюштуруп, аялдамаларда авариялык кырдаал жараткан микроавтобустардын айдоочуларына карата   8 протокол, 11 акт түзүлдү.  

Мындай иш –чаралар жумасайын өткөрүлүп турат.

Эске сала кетсек, сентябрдын 10-нан 19-на чейин өткөн рейддик иш-чаралардын жыйынтыгы  боюнча ЖККБ тарыбнан 16 протокол жана шаардык транспорт башкармалыгы тарабынан  14 акт түзүлгөн.    

Ардактуу унаа айдоочулар! Жол эрежлерин сактап,  жүргүнчүлөр үчүн дагы, кесиптештериңиздер үчүн дагы тоскоолдук жаратпооңуздарды өтүнөбүз.      

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!