Өткөн эс алуу күндөрү Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата баш калаада шаардык ишембилик өттү.  

Алдын ала  маалыматтар боюнча бул экологиялык акцияга 91800 жаран катышкан.    

Чогулган 360 тонналык таштандыны “Тазалаык” ишканасынын кызматкерлери 107 рейс менен чыгаршыкан. Ал үчүн 180 жүк ташыгыч жана 70 даана атайын техника иштеген.

Эске сала кетсек,  21- сентябрда өлкө боюнча ишембилик өткөрүлгөн. Бишкек шаарын тазалоого катышкан жарандардын арасында мэриянын жана анын түзүмдүк кызматтарынын, ошондой эле райондордун, ишканалардын жана объектилердин кызматкерлери катышкан.

Бишкек – сүйүктүү таза шаарыбыз!