Жаңыланган “Жаштык” жаштар борбору жакында меймандарды кабыл алып баштайт.

Борбордо соңку жыйырма жылдан бери алгачкы жолу оңдоо иштери жүргүзүлдү. Имараттын чатыры   жаңыланып, жылуулук системасы менен канализация түтүктөрү толугу менен алмаштырылды. Белгилей кетсек, жылуулук берүүчү системасы биринчи жолу толугу  оңдолуп чыкты.  

Аянты 700 чарчы метр түзгөн имаратта эшик, терезелер алмаштырылып, бийкитиги 10 метрди түзгөн, буга чейин кинотеатр болуп келген чоң жыйындар залы ирээтке келтирип, жылууланды.

Эми, бул жерге келген коноктор жылуу жана жарык залда конок болушат.  

Оңдоо иштерине шаардык бюджеттен 1 млн 791 миң сом бөлүнгөн. 11-октябрга чейин «Темир Строй Групп» курулуш компаниясы өндүрүш графигине ылайык, бардык иштерди бүтүрөт.    

Эске сала кетсек, «Жаштык» жаштар борбору 1963-жылы салынган соода борборунун имаратында жайгашып келген. 19 жылдан бери маданият үйү катары иштеп келет. Бул жерде жалпы саны 250 кишиден ашкан 10 хореографиялык жана   спорттук жамаат эмгектенет. Алардын арасында «Красная гвоздика», “Ветеран”, “Русская душа”  аталышындагы ардагерлерден турган 3 шыгыр жамааты да бар.    

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!