Урматтуу шаардыктар! "Белинский" суутоптомунда профилактикалык-оңдоо иштерин ѳткөрүүгө байланыштуу 8-октябрда таңкы саат 9дан кечки 5ке чейин ичүүчү суу токтотулат. Сууну берүү Фрунзе, Турусбеков, Баялинов, Абдрахманов жана Манас проспекти, Жибек Жолу көчөлөрү чектелген   райондордо токтотулат. Анын ичинде:

• №28, №57, №75 бала бакчалары;
• №27, №75, №33 мектептери;
• Junior Land, "Крепыш", "Антошка", "Антошка плюс", "Айкөл" жеке менчик бала бакчалары:
• “Альфа S” Балдар медициналык борбору;                                                                          
• А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы;                          
•  Ж.Баласыгын атындагы Кыргыз Улуттук Университети;                                                
•. Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясы;
• К. Кожомкул атындагы Спорт сарайы;                                                                  
• «Океан» дүкөнү;                                                                                                                        
• №3 Шаардык гинекология ооруканасы;                                                                                                    
• Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети;                                          
• Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Департаменти;
• Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук Драм театры;                                                
• Бишкек шаардык сатуу кызматы;                                                                                            
• Полковник С. Наматбаев атындагы борбордук музейи;
• Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги;                                  
• Мамлекеттик сатып алуулар Департаменти;
• Кыргыз Республикасындагы Швециянын консулдугу;
• Park Hotel Bishkek мейманканасы;
• КР коомдук-саясий документациясынын борбордук мамалекеттик архиви;
• КР Президенти алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясы;
• Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгы;
• М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Университети;
• Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча Мамлекеттик кызматы;
•№33-почта байланыш бөлүмү;
• Б. Кыдыкеева атындагы кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театры;
• РПО РМТР ишканасы;
• Т.Садыков атындагы улуттук музей көркөм сүрөт академиясы.

Шаардык мектептер жана бала бакчалар, ичүүчү суу токтотулагына байланыштуу, бул күнү иштебейт. Бардык медициналык борборлор жана төрөт үйлөр шаардык жарандарды кадимки тартипте кабыл алышат, шашылыш учурларга суу даярдалган.

Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз. Шаардыктардан, мекемелерден жана уюмдардан ичүүчү сууну толуктап алууңуздарды өтүнөбүз.

Эгерде сиздерде суу боюнча көйгөйлөр болсо, "Бишкексууканал" өндүрүштүк эксплуатациялык башкармалыгына  төмөнкү телефондор аркылуу кайрылсаңыздар болот:

"Бишкексууканал” ӨЭБнын борбордук диспетчердик кызматы: 56-03-20

- байланыш үчүн ички түйүндөрдүн байланыш номерлери: 54-42-45, 54-42-44.

- "Горводопровод" башкармалыгы тышкы түйүндөр боюнча  кабыл алат: 44-95-97,    44-96-45.

Фотофактыларды ошондой эле WhatsApp аркылуу жөнөтсө болот. "Бишкексууканалынын" номери: 0770 838458.

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!