ТЖК маселелери үчүн жооптуу вице – мэри Мирлан Амантуров, Д. Сяопин көчөсүндө шаардык кызматтар менен бирге атайын жыйын өткөрдү. Анда тротуар жана вело жолдорду куруу боюнча талкуу болду.

Жер ресурстарын башкармалыгына чарба субъектилеринин бардык уруксат берүүчү документтерин текшерип чыгуу тапшырылды, М. Амантуров жерди пайдалануу жана курулуш башкармалыгына тротуарды оңдоо жана веложолдун курулушу үчүн проспектинин түштүк тарабынан мыйзамсыз орнотулган объектилерди тез арада алып салууну тапшырды.

Борбордун вице-мэри "Бишкекбашкыархитектура" ишканасынын жол боюнда орнотулган дүкөндөрдүн жана башка уюмдардын жарнак штендерлерин тартипке келтирүү тапшырмасы берилди.

"Бишкекзеленхоз" ишканасына 25-октябрга чейин бактардын кургак бутактарын кесүү, авариялык бак-бутактарды чыгаруу, "Бишкекжарыктандыруу" ишканасынын жетекчисине  Д.Сяопин көчөсүнө диоддуу лампаларды орнотуп, ал эми "Бишкекасфальтсервис" ишканасы  - Мессарош көчөсүнөн Жамгерчинов көчөсүнө чейин чуңкурларды тегиздеп оңдоо жүргүзүү керек


Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!