Бишкек шаардык мэриясынынжер ресурстары башкармалыгынын (УЗР) командасынындоо-талаптарыныннатыйжасында "Пегас Ала-Тоо" компаниясынан ижараакысынөндүрүп алуу мүмкүнчүлүгү түзүлүүдѳ.Токомбаев көчөсү боюнча аянты 0,26 га жер жер тилкесинпайдалангандыгы үчүн ижара акы боюнча 19 млн.545 миң 65,09 сом өлчөмүндө карыз.

Эскерте кетсек,маселенин тарыхы: Бишкек шаарынын мэриясынын №612 токтому менен 2007-жылдын 17-августундаэл артисти Турапов К. Ы. 0,26 га аянты жер 49 жылдык мөөнөткө ижара шартында убактылуу пайдаланууга берилген,андаүн жазуу студиясы менен вокалдык мектепти долбоорлоо жана куруу үчүн берилген.

Турапов К. дүйнөлүк макулдашуунун шарттарына ылайык жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун негизинде "Пегас Ала-Тоо" компаниясына булжерди пайдалануу укугун берип, 20-декабрь 2017-жылы УЗР жана "Пегас Ала-Тоо" узак мөөнөткѳ жер тилкесин ижаралоо келишимин түзүшөт.

2018-жылдын 19-январында Бишкек шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссияга 2017-жылдын 20-декабрынан баштап социалдык, маданий жана турмуш-тиричилик багытындагы объекттер бар көп кабаттуу үйдүн жер тилкесин функционалдык дайындалышын көрсөтүү бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу чечим кабыл алынган.

25-январда 2018-жылдын УЗР менен "Пегас Ала-Тоо" компаниясынын ортосунда мурда түзүлгөн келишимге кошумча келишим түзүлгөн.

Тилекке каршы ижарачы ижара келишиминин шарттарын аткарган эмес – жерди пайдалангандык үчүн төлөп берген эмес.

Бишкек шаардык мэриясы муниципалдык менчик объектисин ижарага берүү келишимин бузуу жана ижара төлөмдөрүн өндүрүү жолу менен бошотуу жөнүндөгү доо арызы менен кайрылган.

Бишкек шаардык сотунун чечими менен 2019-жылдын 14-октябрынан тарта даттануу канааттандырылган жана 19 миллион 545 миң 65,09 сом суммасындагы ижара акыларды өндүрүү тууралуу чечим кабыл алынган.

Эми соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин аткаруу сот өндүрүшүнүн институту аркылуу шаардык казынага каражаттарды кайтаруу процесси башталат.


Урматтуу ижарачылар!

Бишкек шаарынын мэриясынын жер ресурстарын башкаруу башкармалыгы шаардын жер ресурстарына ижара акысын өз убагында төлөбөгөндө тиешелүү чаралар көрүлөөрүн эскертет.

Бишкек-сүйүктүүшаарыбыз!