30-октябрдан 1-ноябрга чейин Бишкек шаарынын М.Горький, Тыныстынов, Кулатов жана Панфилов көчөлөрү чектелген аймагында газ берүү убактылуу токтотулат.  

Мындай чара, жер үсүтүнөн алынып өткөн төмөн басымдуу газ түтүктөрүнө  жаңы түтүктөрдү туташтыруу иштери менен байланыштуу. Ондоп түзөө иштери эки күнгө созулуп, убактылуу 342 абонент көгүлтүр отунсуз болот.

«Газпром Кыргызстан» ишканасынын «Бишкекгаз» филилаы шаардыктардан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Бишкек – сүйүктүу шаарыбыз!