Ардактуу шаардыктар, өзгөчө “Кара-Жыгач” кичи районунун тургундары! Биз, сиздердин райондогу магистралдык канализация түйүнүн салып бүтүп калдык.

Узундугу 4 км түзгөн канализация Дордой, Субан-Ата жана башка бир нече көчөлөрдү өзүнө камтыйыт.

Дордой көчөсүндө курулуш иштери аяктады. Бул жердеги түйүндөрдүн узундугу  800 метрди түзөт.

Субан–Ата көчөсүндө түтүктөрдү салуу иштери аягына чыгып калды. Бул көчөгө бир килметрден ашык түйүндөр салынууда.

Ошону менен катар эле Исакеев, Кадыр-Аке, Кемин, Кожояр көчөлөрүн аймактарында жүрүп жатат.

Тендердин жыйынтыгы боюнча капиталдык курулуш башкармалыгы «Профит-Экспресс» курулуш компаниясын аныктап, толугу менен бардык курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын ноябрь айынын аягына чейин бүтөт. Келишим боюнча курулуш иштеринин баасы 8 миллион сомду түзүп, каражат баш калаабыздын бюджетинен бөлүндү.

Кичи райондолрдун канализация жанга суу түйүндөрүнө активдүү кошулушу - мэр Азиз Суракматовдун шаар тургундары менен өткөн жылдын күз мезгилиндеги жана үстүбүздөгү жылдын кыш айларында өткөн жолгушуусунун натыйжасында шаар кызматтарына берген  тапшырмасы менен жүзөгө ашырылууда.

Эске сала кетсек,  Бишкек шаарынын мэриясы өлкөнүн суу рестурстарын коргоо боюнча жашыл саясатты көздөө менен канализациялык түйүндүргө кошулуу аркылуу жер алдындагы суулардын булганышын алдун алууда.

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!