Бишкек  мэриясына келип түшкөн шаардыктардын кайрылууларын эске алуу менен, жол чырак жана жол белги  объектилерин жакшыртуу боюнча  көлөмдүү иш алып барууда.


 Биз жергиликтүү бюджеттен унаалар  жана жөө жүргүнчүлөр үчүн жол чырактарды кое турган жерлерди акимдер, муниципалдык мүлк башкармалыгынын жетекчилиги, шаардык транспорт башкармалыгы жана Бишкек шаарынын ЖКККББ  кызматкерлери менен биргеликте участокторду тактоо боюнча жеринен комиссиялык жыйындарды өткөрдүк.    

Натыйжада 2019 –жылдын титулдук тизмесине унаа үчүн кошумча 18 жана жөө жүрүүчүлөр үчүн 7 даана жол чырак объектилерин койуу сунушу киргизилди.


Унаа үчүн 18 даана жол чырак төмөнкү көчөлөрдүн кесилишинде орнотулат:

·       Ахунбаев-Куйручук;

·       Токтогул-Раззаков;

·       Малдыбаев-Суеркулов;

·       Ж.Пудовкин-Саманчин;

·       Щербаков-Орозбеков;

·       Орозбеков-Саадаев;

·       Сүйүнбаев-Токтогул;

·       Токтогул-Гоголь;

·       Токтогул-Шопоков;

·       Ауэзов-Кольбаев;

·       Москва-Тыныстанов;

·       Дэн Сяопин-Кустанай;

·       Профсоюз-Мессарош;

·       М. Ганди-Можайск;

·       Садыгалиев-Жамгырчинов;

·       Тыналиев-Минжылкиев;

·       Уметалиев-Фрунзе;

·       Профсоюз-Кайназарова.

жөө жүргүнчүлөр үчүн 7 жаңы жол чырак жакын арада төмөнкү тизме боюнча орнотулат:

·       М. Ганди көчөсүндө, «ИСИТО»нун маңдайы;

·        П.Лумумба жана Кубаныч көчөлөрүнүн кесилишинде;

·        Масалиев жана Бакаев көчөлөрүнүн кесилишинде;


·        Койбагаров жана Каралаев көчөлөрүнүн кесилишинде;

·       Юнусалиева к, «Мега-сити» турак жай комплексинин мандайы;

·       7-апрель к, «Улан-2» кичирайонунун маңдайы.

Учурда “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасы менен инженердик-техникалык шарттар даярдалды, келишимдер түзүлдү. Долбоордук сметалык документтештирүү боюнча жарыяланган  тендерди “Архипринт” компаниясы утуп алды.   


Эске сала кетсек, Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун

Камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын корутундусуна ылайык 2019-жылы сунушталган жол чырактардан тышкары биз 27 транспорттук жана жөө жүрүүчүлөр үчүн 32 жол чырак орнотулуп, КР ИИМ карашту ЖКККББнын монтаждык-эксплуатациялык атайын башкармалыгынын балансына өткөрүлүп берилди.

Бишкек –сүйүктүү шаарыбыз!