«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери шаардын көчөчөлөрүнө кум чачып, аялдамалардын жол боюн жана тротуарларды тазалоо иштерин улантууда.  

Жолдорго туз чачуу иштери түнкү саат экиде башталган. Бул иштер үчүн 196 тонна техникалык туз жумшалган. Кар менен күрөшүү иштерине жол-эксплуатациялык бөлүмүнүн 25 кызматкери, 25 даана атайын техника менен чыккан. Алар МАЗ базасындагы 25 даана машине, ЗИЛ-130 КДМ базасындагы 2 кум чачуучу машине, алдынан жүктөөчү2 даана машине, 4 универсалдуу унаа, «Беларус» маркасындагы  5 трактор.

Бишкек шаары боюнча кар тазалоо иштерине штаттык режимде «Тазалык» ишканасынын 700 гө жакын кызматкери ишке чыкты. 

Карды тазалоо жана жолдорго туз чачуу иштери уланууда. 

Ардактуу шаардыктар! Жол боюнда коюлган машинелердин айынан “Тазалык” ишканасынын жолдорду кардан тазалоо иштери кыйындоодо. Аталган машинелер атайын техниканыны жүрүшүнө тоскоол болуп, жолго реагент чачылбай калууда. Өтүнүч! Чоң көчөлөрдүн боюна машинелерди койбосоңуздар, өзгөчо кар жааганда! .

Белгилей кетсек, шаарды жайландыруу эрежелеринин 5.6 пунктуна ылайык: "Объектилердин аймагын "Тазалык" МИси тротуарларды, жөө жүрүүчү жолдорду, өтмөктөрдү, транспорт токтотмолорун бекитилген жана ага жакын жайгашкан аймактардагы кардан, катуу төшөмөдөн тазалоого тийиш.

Алар муз тоңуп калган учурда аймак инерттүү материалдар менен иштетилет. (кум, майда таш ж. б.).» 

Эгерде кайрылуу жана сунуштар бар болсо, анда биздин төрт райондордун акимдеринин орун басарларына да жөнөтүүгө болот: 


-Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0550 997 927; тел:656878;

- Турсалиев Алмаз Джакыпбекович (Октябрь району) -0 772 192 074 же: 576380;

- Аскарбеков Мавлян Амангельдиевич (Биринчи май району) — 0555 666 096, тел: 661537;

- Касымбеков Рустам Асаналиевич (Свердлов району) — 0703 611 806 же: 360707.


Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!