Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган жыйынтыктоочу иш-чара өткөрүлдү.

Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларынын, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн мамлекеттик тил боюнча адистери жана лингвист эксперттери үчүн Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган жыйынтыктоочу иш-чара өткөрдү.

Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Эльвира Ниязбекова Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-июлунда № 21-3021 бекитилген иш-чаралардын планын ишке ашырууга Бишкек шаарынын мэриясына караштуу мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдары, райондук администрациялар, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөр жигердүү катышып, өткөрүлгөн иш-чаралар максатына жеткендигин белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлү Темирбек Осмоналиев  2021-2025-жылдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы иштелип жаткандыгы жана жаңы программага киргизилип жаткан маселелер боюнча баяндама жасап, сунуштарды жиберүү зарылдыгын белгиледи.

Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы, Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгына караштуу Борбордук китепканалар тармагы жана башка мекеме-уюмдар тарабынан Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу жана аталган мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата өткөрүлгөн иш-чаралар боюнча баяндамалар даярдалып, фото-слайд түрүндө отчёттор көрсөтүлүп, катышуучулар менен бирдикте мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытында кийинки жылга коюлуучу максат-милдеттер талкууланды.


Иш-чаранын жыйынтыгында, КУИА тарабынан жарык көргөн 574 нуска китеп Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларына, муниципалдык аймактык башкармалыктарына, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнө таркатылып берилди.