Ардактуу шаардыктар! Биз, коомдук мунициаплдык транспорттогу толук кандуу электрондук билеттештирүү системасына өтүү үчүн активдуу даярдыктарды көрүүдөбүз.

Белгилей кетсек, азырынча жол кире карта менен дагы, накталай төлөм менен дагы алынат. Негизги келишим боюнча тесттик режимдин мөөнөтү март айына чейин созулат.  

Эскерте кетсек, сиздер «Тулпар» картасын  Beeline Кыргызстан  тейлөө бөлүмдөрүндө бекер ала аласыздар, бирок Турпалардын саны чектелүү.    

Маанилүү!!!  Азырынча картаны сатып алуу үчүн кошумча эч нерсе сатып албайсыз!

«Beta stores 2» СБ;

«VEFA Center» СБ;

ЦУМ «Айчурек»;

ГУМ «Чынар»;

«Bishkek Park» СОБ;

Чүй проспекти, 155  жана 92;

Ортосай базары.

Ибраимов к.115/1 дареги боюнча жайгашкан «ORDA» турак комплекси жана «Бублик» кафе түйүндөрү.

Ардактуу ата-энелер! Окуучуларга аты аталган карточкалар мекетеп администарциясы тарабынан берилет. Окуучулардын жеке маалыматы мектептерде сакталат!

Жеңилдетилген, кызыл карточкалар пенсионер, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана почтальондор үчүн МАБка тапшырылат. Жеңилдетүүсү бар ар бир шаардыкка карточка жеке колуна тапшырылат.

Карта ээлери валидаторлор орнотулган автобус жана троллейбустарда  жол кирени накталай төлөмсүз жүргүзө алат. Массалык түрдө бул системаны киргизүү үчүн биз аны текшерип чыгышыбыз керек, ушундан улам, сиздерден жардам сурайбыз. Аталган системаны тесттен өткөзүүгө катышып, пикриңизди 0312 58 20 00 номуруна же feedback@tulpar-card.kg техникалык колдоо почтасына жазып жиберсеңиз болот.

Ошондой эле системаны ыйңгайлаштыруу үчүн биз «Тулпар» мобилдик тиркемесин иштеп чыктык.  Анын жардамы менен телефон аркылуу балансыңызды текшерип, транспортто жүрүү каттамдарыңызды көзөмоөлдөй аласыз.   Азырынча тиркеме   Android базасындагы колдонуучулар үчүн Play Маркетте иштеп жатат. Ал эми “алма” ээлери үчүн  AppStoreдон жакында пайда болот.

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!