“Бишкек сууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык ишканасынын мобилдик бригадалары канализациялык жана суу кудуктарын ташщтандылардан дайыма тазалап турушат.

Бул жолу биз “Касым” жаңы конушундагы 15 кудукту тазаладык. Адатта, биз бир кудуктан бир кап таштанды чыгарабыз.

Белгилей кетсек, “Бишкексууканал” ишканасынын балансында 22 миң 244 канализациялык жана 8 миң суу кудуктары бар.

Кудуктарды тазалоо иштери Бишкектин бардык райондорунда жана жаңы конуштарында системалык түрдө жүргүзүлөт.  

Урматтуу шаар тургундары! Кудуктарга таштандыларды таштабай, биздин адистерге карйлууңуздарды өтүнөбүз. Канализацилык кудуктар боюнча телефон номурлар: 0312 562946, 0770 89 89 47, суу кудуктары боюнча – 0312 449645, 0 770 835458 телефондору аркылуу кайрыласңыздар болот.  

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!