27-28 февралда  окуучулар арасында республикалык олимпиаданын үчүнчү этабы өтөт.

Райондор арасында өткөн  олимпиаданын экинчи этабында 156 мектеп окуучусу байгелүү орундарга ээ болуп,  бул жолу 10 жалпы сабактар боюнча күч сынашат.     


Математика, физика жана химия боюнча олимпиада   И.Раззаков атындагы  Кыргыз мамалекеттик техникалык университетинде  өтөт.   Информатика тармагындагы мыктыларды  Б.Ельцин кыргыз-орус славян университетинде өтө турган сынакта аныкталат.  Ал эми кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис тили, тарых, география жана биология боюнча олимпиада  № 31- мектеп- гимназиясында өтөт.

Белгилей кетсек, олимпиаданы өткөрүүнүн башкы максаты – окуучулар арасында сабактарга кызыгууну аррттыруу жана чыгармачылык демилгени колдоо менен, болочок кесипти тандоодо жардам берүү.


Биз жеңишке жеткен окуучуларбызыды чын дилден куттуктайбыз!

Кененирээк маалымат: 0 554 404 485 Данияр, 0990 911 717 Айжаркын

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!