Ардактуу шаардыктар, айдоочулар жана жөө шаармандар! Жол бетиндеги атайын оймо-чиймелер дүйнөнүн көптөгөн шаарларында колдонгон автомобиль жолдорун оңдоо бонча технологиялык эрежелердин негизинде чийилет. 

 

Асфальт бетиндеги тамгаларды чийүүдө жана маркировкалоодо «Бишкекасфальтсервис» ишканасынын кызматкерлери курамында Highway ColdPlast маркасындагы 2 компонеттүү муздатылган пластик колдонушат.    Ал сапаттуу жана термопластиктен кем эмес. Ушундан улам, жол бетиндеги белгилерди чийүүдө кымбат техника керектелбейт жана жол оңдоо иштеринде үнөмдүү келет. Бетонго жана асфальтка карата адгезиясы, башкача айтканда катуу же суюк бөлүкчөлөрдүн  бири-бирине ийленишүүсү жакшы. Ошондой эле, мындай пластикти  эски белгилерди кырбастан, үстүнө жаңыртса болот.

Бул материал муздак пластик -  жол бетине оймо-белги чийүү үчүн бардык эл аларык стандарттарга жана талаптарга жооп берет.

Муздак пластик орточо 30-50 мүнөттүн ичинде кургайт. 

Белгилей кетсек, чоң долбоорлордун алкагында жолдорду куруу иштерин капиталдык курулуш башкармалыгы жасайт.   Бул башкармалык караңгыда көрүнүүчү бөлүкчөлөрдү колдонуу менен жол белгилерин дагы чийет. Анын сапаты жакшы, суу көтөрүмдүү жана аба-ырайынын шартына чыдамдуу келет.  

Учурда биздин адистер шаардыктардын коопсуздугу үчүн жол бетине бетиндеги белгилерди чийүу үчүн сыйгаланбаган варианттарын издеп келишет.  Биз жол белгилерин жөнөкөй сыр менен чийбебиз, анткени алар бат эле сүрүлүп жок болуп кетет.  

Ардактуу шаардыктар, эгерде сиздер жолдордогу “өчүп” калган белгилерди корсөңүздөр, фото билдирүүңүздөрдү Бишкекасфальтсервистин WhatsApp-кызматына жөнөтсөңүздөр болот: 0550777710

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!