Ардактуу шаардыктар! Шаардык бюджет боюнча маалыматты мэриянын расмий сайтында ар дайым онлайн http://monitoring.meria.kg/  дареги боюнча көрүүгө болот.

Эми бюджеттик ресурс боюнча баардык маалымат квартал сайын жарандык отчет ирэтинде жарыяланып турат. Анын ичинде салыктык жана салыктык эмес кирешелер, жергиликтүү бюджеттик чыгашалар, сатып алуулар жана өтүп жаткан чынактар боюнча маалымат бар.    Электрондук соода аянтчасында мэрия өткөрүп жаткан электрондук аукциондор боюнча маалымат алса болот. Баса, 2020-жылдан баштап жер тилекелри тек гана электрондук аукцион аркылуу бериле баштайт.  

Аудит графасында шаардык кызматтардын жана мэрияынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн аудитордук текшерүүлөрү боюнча толук маалымат берилип турат.

Учурда ачык маалыматтар платформасы тестик режимде иштеп жатат жана кээ бир бөлүмдөр толугу менен ишке кире элек. Ошондой эле, кай бир маалыматтар алмашырылып турат, анткени шаардын сатып алуулары жана негизги эспетин калдыктары боюнча бөлүмдөр толукталууда.  

Белгилей кетсек, мындай тажрыйба алгачкы жолу киргизилип жатат жана биз муниципалитеттин ачык маалыматтарын сайтка чыгарууну улантабыз. Бул платформаынын иши боюнча сын-пикирилерди кабыл алууга даярбыз.

Эске сала кетсек, шаардын бюджети  10 миллиард сомдон ашты жана 2021 –жылы бюджетти 12 миллиардка жеткирүү максатын койдук.

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!