Жазгы майрам учурунда дем алыш жана жумуш күндөрүнө байланыштуу шаардыктардан көптөгөн кайрылуулар түшүүдө.
Урматтуу шаардыктар, ата-энелер, балдар! Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №679 16-декабрда, 2019-жылдын токтомуна ылайык,"2020-жылдагы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө" 9, 23-март, 11-май дем алыш күндөрү, 3, 6-январь жана 4-май.жумуш күндөрүнө жылдырылды.
Ушуга байланыштуу, 9-мартта, 23-мартта жана 11-майда беш күндүк жумуш жумасынын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер жана башка уюмдар штаттык режимде эмгектенишет.
Мектептер жана бала бакчалар да бул күндөрү иштөөгө тийиш, анткени мамлекеттик билим берүү стандарты Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген базистик окуу планы боюнча аткарылат, анда  сааттык, апталык жана жылдык иш жүгү ар бир окуу классына сабак боюнча бөлүштүрүлгөн.
Кошумча дем алыш күнү менен белгиленген жүк аткарылбайт, буга байланыштуу  мамлекеттик билим берүү стандарты тиешелүү түрдө аткарылбай калат.
Белгилей кетсек, дем алыш жана эс алуу күндөрү Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлиги тарабынан аныкталат.
Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!