Төкөлдөш конушунун жашоочулары "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын адистери жана борбор калаанын башкы архитектору Асхат Тулебердиев менен жолугушуп баарлаштык. Тургундар жана борбордук архитекторлор жер бөлүктөрүн каттоо чечимдерин издөө боюнча талкуу жүргүзүштү.
Эскерте кетсек, конушка 50 жылдын жүзү болсо дагы, анын бир бөлүгү совет мезгилинин проектиси боюнча коргоо зонанын астына туура келгендиктен, конуштун жашоочулары көптөгөн жылдар бою өз үйлөрүн жана жер участокторун каттоодон өткөрө албай убара. Азыркы тапта "Төкөлдөш" конушунда 2 300 адам жашайт.
Бизге бул жолу кырктай адам кайрылды, башкы архитектор жана “Бишкекбашкыархитектуранын” адистери ар бир тургунду угуп, бул жеңил эмес кырдаалды чечүүнүн мүмкүн болгон жолдорун айтып беришти.
Жолугушуунун катышуучулары, өзгөчө шаардыктар, акыры алардын көйгөйлөрү иш жүзүндө жана конструктивдүү режимде чечилет экен деп ыраазы болушту. Март айынын ортосуна пландаштырылган кийинки жолугушууга, "Бишкекбашкыархитектура" бир кыйла ыңгайлуу жолдорун караштырып табууну көздөштү. 

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!