"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Якутск көчөсүндө жайгашкан "Братский" көрүстөнүндө сырткы жарыктандыруу тармагын капиталдык ремонттон өткөрдү. Жогорку кубаттуулугу бар жети шамчырактарды орнотуп, 400 метр электр өткөрүүчү линияларын тартуу иштери жүргүзулдү.Баардык каражаттар биздин "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасынын мекемесинде жасалган.

Айтмакчы, бүгүн генерал-полковник, Афганистандагы согуштун ардагерлер   жана аскердик чыр-чатактардын "Боевое братство" башкармасынын төрагасы Абдыгул Чотбаев "Бишкекжарык" ишканасынын башчысы Алимбек Абдылдаевди согуш ардагерлерине кошкон салымы жана көмөк көрсөткөндүгү учүн эстелик медалы менен сыйлады.

Бишкек шаарынын мэриясы Алимбек Анарбековичти куттуктайт жана шаардыктарга көчөлөрдө жарык жок болгон учурда авариялык-диспетчердик кызматынын: (0312) 46-30-89, 57-63-51 номурларына кайрылууну эскертет, ошондой эле 0777 902-115 WhatsApp номери аркылуу билдирме калтырсаңыз болот.

Бишкек-сүйүктүү жарык шаарыбыз!