Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы жана Бишкек шаарынын мэриясынын Тазалык ишканасынын атайын бөлүмү жер пайдалануу эрежелерин бузгандарды аныктап, мыйзамсыз курулуштарды жок кылуу иштерин улантууда.
"Аламүдүн-1" кичирайонунун 69- үйүнүн тургундарынын кайрылуусу боюнча шаардыктарга ыңгайсыздык жаратып жаткан, мыйзымсыз орнотулган тосмолор алынып салынды.
Ошондой эле, шаар тургунунун каты боюнча Джунусалиев көчөсүндөгү №78, №80 үйлөрдүн ортосундагы өз алдынча коюлган шлагбаум алынды.
Гагарин жана Асаналиев көчөлөрүнүн кесилишинде мыйзамсыз орнотулган жарнама тактасы алынды.
Уруксат берүүчү документтердин жоктугу үчүн Ак-Ордо конушундагы Гагарин көчөсүндө жана Репин көчөсүнүндөгү 22-үйдүн жанында коюлган эки павильон ордуларынан ташылды.
Бул аптада биздин эмнени, кайсы жерде жана качан демантождоого аргасыз болгонубузду бул шилтеме: http://www.meria.kg/ru/post/19923 аркылуу көрсөңүз болот.
Урматтуу ишкерлер, муниципалдык жерлердин ижарачылары! Жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактоону өтүнөбүз!
Эгерде сиз мыйзамсыз же туура эмес орнотулган объектини көрүп калсаңыз, анда укук бузуулардын сурот жана видеофактыларын: 070363383 телефон аркылуу жибериңиз.

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!