Лениндик райндук акимиаты менен "Азия Банк" компаниясынын өкүлдөрү биргеликте борбордо ар бир дүкөнүндө POS-терминалды орнотуу үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүп жатат.
Чыңгыз Айтматов 299в дарегиндеги "Ала-Арча" жана Чүй проспектисинде жайгашкан "Берекет Гранд" аттуу соода борборлорунун ар бир ишкери менен жолугуштук.
Жүргүзүлгөн чалгындоо соода түйүндөрүндө карта менен төлөө мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, "керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө" мыйзамдын бузулгандыгын көрсөттү.
"Ала-Арча" соода борборунда 10 соода түйүнүнүн ичинен 7 гана сатуучуда терминалдын бар экендиги аныкталса.  "Берекет Гранд" борборунда ПОС-терминалдары такыр болгон эмес.
Биз ишкерлерге, бул кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүнүн ишканалары: коомдук тамактануу, дарыкана, медициналык борборлор, АЗС, сулуулук салондор, мейманканалар, ошондой эле аянты 50 чарчы метрден ашкан дүкөндөрдө сөзсүз түрдө POS-терминалдарды орнотуу милдеттүү экенин түшүндүрдүк.
Бул ирет терминалы жок сатуучуларга оозеки эскертүүлөр берилди, мыйзамды мындан ары аткарбоо айып пул салууга алып келиши мүмкүн.
Урматтуу ишкерлер! Жобонун 3.2-пунктун “Кыргыз Республикасын 2018-2022 жылдарына жалпы калкты накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептөшүүлөрүн мамлекеттик программасын ишке ашыруу” - аткаруу максатында бул текшерүү иштерин улантабыз.
Маалымдама: POS-терминал – төлөм карталарын төлөөгө кабыл алуу үчүн электрондук программалык-техникалык түзүлүш. Ал чиптик, магниттик жана байланышсыз карталар, ошондой эле башка түзүлүштдү кабыл алат. Ошондой эле POS-терминалдын алкагында көбүнчө кассирдин жумуш ордунда орнотулган бүтүндөй программалык-аппараттык комплекс жүргүзүлөт.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!