Урматтуу  шаардыктар! Шаардык суу менен камсыз кылуу тармактары тарабынан жүргүзүлчү «Киркомстром»  суу топтомосунун оңдоо жана техникалык тейлөө иштерине байланыштуу, 12-мартта эртең мененки саат 9:00дөн кечки 17:00гө чейин Абаканский, Архангельский, Белгородский, Кустанайский жана Тираспольский көчөлөрүндө ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт:
-№42- мектепте;
-Доктор Бекбоев медициналык борборунда;
-№37-, “Бактылуу өлкө” бала бакчаларында;
-Астрахан көчөсүндөгү №31 дарегиндеги балдарды коргоо борборунда;
-№43- почта бөлүмүндө;
-“Шинкар”, “Гранд Плюс” дүкөндөрүндө;
-"Мастер Комп” компьютердик клубунда;
-"Бишкекжылуулукэнерго" ишканасында;
-"Салтанат" кафесинде;
-"Санжыра" чайханасында;
-“Меридиан” банкеттик залында;
-“Роза” сулуулук салонунда;
-Жеке ишкер Васиповдун дүкөнүндө;
-"Бишкексмультсервис” ЖАУда;
-"Нургаз"," ГМК Корунд", жана “Окно Роста” ишканаларында;
-"Азия радуга"кондитердик цехинде.
Бул куну билим берүү мекемелери иштебейт. Суу тосмолорун оңдоо иштеринин убагында  ыңгайсыздык жаратканыбыз үчүн кечирим сурап калкты, уюмдарды жана ишканалары алдын ала  ичүүчү суу камдап алууңуздарды өтүнөбүз.

Эгер cуу маселеси боюнча ар кандай кыйынчылыктар жаралса “Бишкексууканал” ишканасынын төмөнкү  номурларына кайрылууну суранабыз:
-ЖАТ “Бишкексууканал” ишканасынын борбордук диспетчердик кызматы: 56-03-20;
-Үй ичиндеги туйүндөр боюнча суроо-талаптар үчүн байланыштар: 54-42-45, 54-42-44;
- “Горводопровод” башкармалыгы сырткы түйүндор боюнча арыздарды кабыл алат: 44-95-97, 44-96-45.
-“Бишкексууканал” ишканасынын 0770 838 458 Whatsapp номуру аркылуу сүрөт жиберсеңиздер болот.
Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!