Быйыл жаз тротуар жана веложолдорлун масштабдуу курулушу менен башталды, ири долбоорлорун бири Чүй, Манас проспектилерин жана Байтик Баатыр көчөсүн "П" түрүндө жөө жүрүү үчүн бириктирет.
Жол салуу иштери башталып, даярдоо иштери жүрүүдө. Бирок баары ойлогондой оңой эмес, бир катар ишкерлер Байтик Баатыр көчөсүнүн жээгиндеги кызыл чийинден өтүп кетишкен. Ал эми шаардыктарга туурасы 4,5 метрди түзгөн тротуарлар жана веложолдордун курулуусу шарт.
Борбордук мэриянын жер ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн адистери А. Масалиев көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейинки көйгөйлүү аймакты кыдырып чыгышты.
Азыркы учурда ишкерлер менен сүйлөшүүлөр жана долбоордо каралган аймактагы объекттерди дыкаттык менен изилдөө, ижарачылар менен келишишүү жүрүп жатат. Кызыл линияга чыккан бузулуулары курулуштарты жылдырып, шаардыктарга мейкиндик түзүү керек.
Белгилесек, ижара келишимин түзүүдө, ишкерлер шаардык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн объекттер демонтаждоо же дислокация боло турганы жөнүндө кабарланган.
Эскерте кетсек, Ахунбаев көчөсүнөн Чүй проспектине чейин Манас проспектиси боюнча, проспектинин чыгыш тарабына тротуар жана велодорожка салынат, ал эми батыш тарабына – тротуар гана салынып, жалпы узундугу 3,7 км. түзөт.
Манас проспектисинен Байтик Баатыр көчөсүнө чейин Чүй проспектисинде узундугу 1,8 км болгон тротуар жана веложол салынат.
Байтик Баатыр көчөсү Чүй проспектинен тарта Ахунбаев көчөсүнө чейин шаардыктар жана велосипедисттер үчүн орун беребиз, батыш тарабынан тротуар жана велодорожка, чыгыш тарабына тротуар курулат.
Тротуарлар жана веложолдордун жалпы узундугу 18,4 км.

Бишкек- сүйүктүү шаарыбыз!