Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов 11-14-мартта Москвада өтүп жаткан 17-сессияда Борбор калаалардын жана ири шаарлардын эл аралык Ассамблеясынын (МАГ) вице-президенти болуп шайланган.
Белгилей кетсек, Ассамблеянын президенти болуп Нур-Султан шаарынын акими Алтай Кульгинов дайындалды.
Мындан тышкары, мэр А. Суракматов менен катар вице-президент болуп РФнын мамлекеттик думасынын депутаттары Юрий Мищеряков, Евгений Шулепов жана Кеңеш Федерациясынын мүчөсү Ирек Ялалов шайланды.  
Башкарманын куранынын мүчөлүгүнө Москва шаардык думасынын төрагасы Шапошников Алексей, Самаранын башчысы Елена Лапушкина, Еревандын мэри Айк Марутян, Казандын мэри Ильсур Метшин, Душанбенин мэри Рустам Эмомали Рахмон жана башка шаарлардын жетекчилери кирди.

Жыйында муниципалдык башкарууну санариптештирүү, стратегиялык пландоо, экология, аймактарды жана шаарларды урбанизациялоо маселелери талкууланды.
Эл аралык шаарлардын Ассамблеясы - бул КМШ жана ЕАЭБ мейкиндигинде 85 борбордук, аймактык борборлорду жана КМШ өлкөлөрүнүн 9 ири шаарларын камтыган эң ири шаардык аралык бирикме. Шаарлар ортосунда диалог түзүү үчүн, тажрыйба алмашуу боюнча бардык багыттары болуп, кубаттуу куралы "жарандык дипломатия" көмөк көрсөтүү боюнча, шаарды соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий өнүктүрүүнүн жалгыз универсалдуу аянтчасы.
Эске салсак, Бишкек шаарынын мэриясы 1998-жылдын 3-сентябрынан тарта ЭАША коомдук коммерциялык эмес бирикмесинин тең түзүүчүсү жана мүчөсү болгон.
Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!