Бишкек шаарынын мэриясынын санитардык-экологиялык инспекция (СЭИ) борборду тыгыз кыдырып эреже бузгандарды иликтөөдө, мониторит жүргузүп ММК жана социалдык тармактардан келен бардык даттанууларды көзөмөлдөйт.
Жакында шаардын тургуну  Facebook тармагына Орозова 146 дарегинин жашоочусуна   карата даттануу жазган, ал таштандыларды белгиленбеген жерге ыргыткан. Администрациялык укук бузуулар жөнүндө Кодекстин 71 – беренесинин 1-бөлүгү боюнча, "белгиленбеген жерлерге таштандыларды таштоо, күйгүзүү" протоколу  түзүлүп,  5 миң 500 сом айып салынды. Кварталдык комитеттин төрагаларына тургундар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
Бул статья боюнча таштандылары үчүн Ибраимова 113/3 дарегиндеги “Ардак” ишканасына жана Горький 116 дарегинде жайгашкан “Демир Банк” мекемесине СЭИ тарабынан протокол түзүлдү.
Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 70-беренесине ылайык айланасындагы аймакта, тактап айтканда 10 метр аралыгында тазалыкты сактабагандыгы үчүн Ахунбаев 119да орун алган "Кыргызкоммунпроект" ишканасына, Горкий 116дагы "Демир Банк" мекемесине, Суйюнбаева менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Ярмарка" соода үйүнө жана Москва көчөсү 49дагы  “Секонд Хэнд" дүкөнүнө протоколдор түзүлдү.
Жолдун  жүрүүчү  бөлүктөрүндөгү таштандылар үчүн 119-берененин 2-бөлүгү боюнча Ж. Жолу пр.252 дарегинде жайгашкан “KG motors”, Фучик 38/2 "Берекет Билдинг" компанияларына карата юридикалык жактарга 23 миң сом айып салынды.
Жолдорорду өндүрүш жүргүзүүдө эрежелер айрым курулуш ишканалары тарабынан дагы сакталган эмес, Можайский көчөсүндөгү "ДорСтрой Групп" жана Кызыл-Кийский менен Можайскийдин кесилишинде жайгашкан “Аргын Курулуш” ишканаларына 119-1 беренесинин 1-бөлүгү боюнча  протокол түзүлдү.
Ушул эле берене боюнча Гагарин жана Псковский көчөлөрүнүн кесилишиндеги тротурды талкалаганы үчүн  "Түндүк Электр" уюмуна — 23 миң сом айып салынды. Ошондой эле, алар шаардын так ортосундагы киевский көчөсүнүн асфальтын бузушкан.
Урматтуу шаардыктар, ишканалар жана мекемелер!Өтүнөбүз!Үйлөрдүн,мекемелердин жана ишканалардын айланасын таза кармап,калдыктарды атайын белгиленген жерлерге таштаңыздар! Эреже боюнча баарыбыз 10 метр аралыгындагы аймакты таза кармоого милдеттүүбүз!
Санитардык – экологиялык кайгуул кызматынын байланыш номурлары:
0(312) 65 81 59, 0 558 588 840.
Биринчи май району: 0555 404 818;
Свердлов району: 0551 551 745;
Октябрь району: 0 500 210 470;
Ленин району: 0500 085 580.
Бишкек – сүйүктүү таза шаарыбыз!