Биринчи марттан баштап "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери борбордук көчөлөрдүн чуңкурларын оңдоо иштерин жүргүзүштү. Эки жумадан бери 11 көчө оңдолду:

Т. Фрунзе к. Толстойдон Лущихинге чейин;
И. Ахунбаев көчөсү Достоевский көчөсүнөн Манас проспектине чейин;
Л.Толстой көчөсү Садыгалиевден Ибраимов көчөсүнө чейин;
Л.Толстой көчөсү Ибраимов көчөсүнөн Манас проспектине чейин (көпүрө);
Гагарин көчөсү Манас пр. Алыкулов көч. чейин;
Байтик Баатыр көчөсү Жибек - Жолу проспектинен тартып Масалиев көчөсүнө чейин;
Некрасов көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн Л. Толстой көчөсүнө чейин;
Логвиненко көчөсү Чүй проспектинен Л. Толстой көчөсүнө чейин;
Жибек-Жолу жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилиши;
Шопоков көчөсү Москва көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейин;
Панфилов көчөсү Медеров көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин.
Ушул тапта 7-апрел, Медеров, Москва, Орозбеков жана башка көчөлөрүндө чуңкурларды төлөө иштери жүрүүдө.
Бул көчөлөрдү косметикалык оңдоого Бишкекасфальтсервис” ишканасынын 6 бригадасы жана 8 атайын техника тартылган: 4 компрессор, эки жол каткасы жана эки самосвал.
Белгилей кетсек, көчөлөрдүн тизмеси жарандардын ММК жана социалдык тармактардагы даттануу жана кайрылууларыннын, комиссиялык кароодон өткөн жана райондук акимиаттардын сунуштарынын негизинде түзүлдү.

Урматтуу шаар тургундары! Сиздин көчөңүздө жолду же тротуарларды оңдоо талап кылынса сурот жана видео фактыларды жөнөтүңүз: 0555 888 161.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!