Ленин райондук акимиатынын милиция кызматкерлери, социалдык кызматкерлер жана билим берүү башкармалыгы менен биргеликте компьютердик клубдарга кечки рейд жүргүзүштү.
Рейд учурунда 22 компьютердик клуб текшерилип, 12 жаш оюнчу аныкталды.
6 өспүрүм ата-энесине өткөрүлүп берилди. Калган 6 бала жагдайды аныктаганга чейин, жашы жете электер арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча борборго жеткирилиди.
Ошондой эле инспекторлор, түнкү саат 22:00дөн кийин жашы жете электерге келүүгө жоопкерчилик жана тыюу салуу жөнундө компьютердик клубдардын администрациясы менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Белгилей кетсек, рейддер укук бузууларды алдын алуу, көзөмөлсуз жана жашы жете электердин арасында коопсуздук максатында жүргүзүлүүдө.
Урматтуу ата-энелер! Өтүнөбүз, балдарыңыздарды кароосуз калтырбаңыздар, өзгөчө түнкү убакытта. Бул сиздин балдар...
Бишкек – сүйүктүү коопсуз шаарыбыз!