Урматтуу шаардыктар! Баалардын негизсиз жогорулашына жол бербөө максатында Бишкек шаарынын мэриясы Борбордук базарларда жана дүкөндөрдө баа саясатына көз салып турат.

Биз Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу боюнча Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун кызмат өкүлдөрү жана салык кызматыты менен биргеликте шаардын соода-сатык жерлерин кыдырып, баалардын мониторингин жүргүздүк.

Азык-түлүк жана башка кеңири керектөө буюмдар менен алып сатарлык кылбоо жөнүндө ишкерлерге түшүндүрдүк.

Азык-түлүктүн баалары жогорулаган эмес. Мисалы, "Аламүдүн" базарында 1 кг. ундун баасы 25-35 сомдон башталат. Ал эми нандын орточо баасы 10-18 сом болсо, сүт 35-40 сом турат. 1кг уй эти 350-400 сом, кой эти болсо 330-350 сомду түзөт.

Башка базарларда да ушундай эле баалар.

Урматтуу шаардыктар! Кабатыр болбоңуздар! Азык-түлүк жетиштүү жана запастары бар.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!