Борбордун Вице-мэри Мирлан Амантуров шаардык кызматтардын адистери менен биргеликте "Жал" кичи районундагы унаа токтоочу жайлар тууралуу жыйын өткөрдү.

Анда Масалиев, Тыналиева жана Ахунбаев көчөлөрүндө муниципалдык унаа токтотуучу жайларды уюштуруу мүмкүнчүлүгү каралган. Комплекстүү унаа токтотуучу жайларды уюштуруу үчүн жерлер бар, бирок айрым участкалар каралбай калган же максаттуу пайдаланылбайт.

"Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишкананын адистери муниципалдык унаа токтоочу жайды уюштуруу схемасын даярдап, төрт корутундунун экөөсүн иштеп чыгып, архивдик иш-кагаздарындагы укуктук статусун тактоо үчүн борбордук мэриянын жер ресурстары башкармалыгынын адистерине тапшырылды.

Эскерте кетсек, биз унаа токтоочу жайларда жана жүрүүчү бөлүктө болгон унаа тартипсиздиктерин иретке келтирүү үчүн "Эл үчүн шаар!" аттуу туруктуу акцияны баштаганбыз. Эгер сиздер жол кыймылынын эрежесин бузган, унаасын жүрүүчү бөлүктө токтоткон, же жөө жүргүнчүлөрдүн укугун бузган айдоочуну көрүп калсаңыз  шашылыш түрдө милиция башкармалыгынын кайгуул кызматына WhatsApp: 0 709 287 290 номуру аркылуу сүрөт жана видео факты жиберсеңиз болот, ал эми эгер айдоочулар унаа токтотуу эрежелерин бузушкан болсо же унаа токтотуучу жайдын мыйзамдуулугуна күмөн санасаңыз, анда "Бишкек унаа токтоотуу" муниципалдык ишканасына WhatsApp:0 550 760 966 кайрылсаңыз болот.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!