"Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасы жазгы отургузуу иштерин улантууда.

Биздин эмгекчилдерибиз "Аламүдүн-1" кичирайонундагы Калинин көчөсүнүн жээгин бойлой 60 көчөттөрдү отургузушту.

Буга чейин бул аймакта, атайын каражаттардын жардамы менен даярдоо иштери жүргүзүлгөн.

Эскерте кетсек, өткөн жумада Жибек Жолу проспектисинен Саадаева көчөсүнө чейин Тоголок Молдо көчөсүн бойлой 50 көчөт, ал эми Чоң Чүй каналынан баштап Щербаков көчөсүнө чейин Орозбеков көчөсүндө 80 жаш дарак отургузулган.

Отургузуу иштери күн сайын ишке ашат.

Белгилесек, жаңы көчөттөр ишкананын жакында эле калыбына келтирилген өз бакчасында өстүрүлөт.

2020-жылы Бишкек жашыл чарбасы 10 миңден ашуун жалбырактуу бактарды жана 630 ийне жалбырактуу бактарды отургузууну пландаштырган.

Бишкек-сүйүктүү жашыл шаарыбыз!