"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жер астындагы өтмөктөрдө жарык берүүнү модернизациялоонун үстүндө иштешүүдө.

Жер өтмөктөрүндө 151 атайын тор менен тосулган жарык берүүчү чырактар орнотулуп, узундугу эки миң үч жүз токсон эки метр электр берүү линиялары алмаштырылды. Электр энергиясын үнөмдөгөн чырактар кадимки чырактарга караганда 5 эсе жарыгыраак күйөт жана 7 эсе үнөмдүү болот.

Бүгүнку күндө Ибраимов көчөсүндөгү, Манас проспектиси менен Л.Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги, Байтик Баатыр менен Саманчин, А. Токомбаев, 7-апрель менен Л.Толстой көчөсүнүн, Чүй проспектиси менен Фучик көчөсүнүн, Тоголок Молдо менен Московский көчөсүнүн, Ч.Айтматов проспектиси менен Горький көчөсүнүн кесилишиндеги, ошондой эле чыгыш жана батыш автобус бекетинин  аймагында жайгашкан жер астындагы өтмөктөр жарык менен камсыздалды.

Урматтуу шаардыктар! Өтүнөбүз! Чырактарды талкалабаңыздар!

Эгер сиз өтүп жаткан жер алдындагы өтмөктө караңгы болуп, же сиздердин көчөңүздөр караңгы болсо ишкананын диспетчердик кызматына кайрылыңыз : (0312) 46-30-89, 57-63-51, ошондой эле: 0777 902-115 WhatsApp номери аркылуу билдирүү калтырсаңыз болот.

Бишкек - сүйүктүү жарык шаарыбыз!